Окуучулар суукта, сырттагы дааратканага барышат… Алардын ден соолугу үчүн ким жооп берет? | Чекит.
Мектептеги мыйзам бузуулар: балдар эмнеге кыйналып жатат? Бул жолу “Чекит” командасы Бишкектин эки мектебинде иликтөө жүргүздү: 107-мектеп – Балдар эмнеге көчөдөгү начар шарттагы дааратканага барууга аргасыз? Мектептин жаңы курулган дааратканаcы ичинен жабык, ал эми окуучулар сыртта, ыңгайсыз жана антисанитариялык шарттарда керектөөлөрүн аткарууга мажбур. Жаңы дааратканалар эмне үчүн колдонууга берилген эмес? 57-мектеп – “Өлүк жандар” иши: Акча кайда кетип жатат? Бул мектепте жумушка келбеген адамдарга айлык төлөнүп жаткан шек бар. Каржылык агым кайда багытталат? Ким жоопкер? Иликтөө учурунда бизге тоскоолдук жаралды – командабызды мектептен чыгарып, ал эми директор камералардан качып, жооп берүүдөн баш тартты. Бардык фактыларды жана кызыктуу жагдайларды видеодон көрө аласыз. Чындыкты билиш үчүн видеону толук көрүңүз! ——————————————————————————— ► Биздин социалдык тармактар: Instagram (Мунарбек): https://www.instagram.com/munarbek_im...
——————————————————————————— ► Бул чыгарылыштын үстүндө иштегендер: Монтаждоочу Бактыбеков Аскат Оператор: Бошкоев Алихан Автор жана алып баруучу: Мунарбек Имаров ——————————————————————————— ► Байланыш үчүн 0704507777 номуруна жазыңыздар