G
enby!

Кыргызстанда популярдуу мектеп жетекчиси заманбап инновациялык колледж ачты

Жакшылык Матанов - «INTELLECT SCHOOL» билим берүү мектебинин негиздөөчүсү жана жетекчиси. Ал өспүрүм кезинен эле жеке мектебин ачууну кыялданып келген. Билим берүү тармагында жетиштүү тажрыйба топтогон соң, 2021- жылы жеке мектебин негиздеген. Бүгүнкү күндө анда окуган окуучулар эл аралык жана республикалык деңгээлдеги ар кыл конкурстарга байма-бай катышып, алдыңкы орундарды багындыруу менен бир катар ийгиликтерди жаратып келишет. Ал өлкөнүн өнүгүшү үчүн биринчи кезекте адамдардын аң - сезимин өзгөртүү керектигин, буга бир гана агартуу адамдары - мугалимдер жана журналисттер таасир эте аларын белгилеп өттү. Ошондуктан анын башкы максаты - ар тараптуу жөндөмдөргө ээ лидерлерди, өлкөбүздүн келечегине салым кошуучу билимдүү инсандарды тарбиялоо болуп саналат. Каарманыбыз Limon.kg каналына маек куруп, мектебиндеги өзгөчөлүктөр жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.

Смотрите также