G
enby!

29.09.2025 Күндеми | Кечки чыгарылыш || Регион ТВ

Аймактар аралык байланыш бекемделди! Ысык-Көлдөгү Түп-Кеген жана Каркыра-Турук-Сары-Жаз автожолдору реконструкцияланып, пайдаланууга берилди. Жолдун ачылыш аземине Президент Садыр Жапаров катышты; Чет элдик номурлуу автоунааларды мыйзамдаштыруунун мөөнөтү узартылбайт. 1-октябрдан тарта өз убагында автоунаасын легалдаштырбагандардын машиналары айып короого токтотулат; Сузак районунун Бек-Абад айылында өзүн УКМК кызматкери катары көрсөтүп, алдоо жолу менен жарандардын акчасын алып жүргөн жаран кармалды; Манас шаарында таштанды төгүүчү жайдагы өрт жергиликтүү тургундардын тынчын алды. Өрттөн чыккан түтүн айылдарды каптап көйгөй жаратууда; Сузактагы жума базарда мындан ары башаламандык, чачкынды соода болбойт. Анткени райондун борборундагы бир жарым гектардан ашык аянтка заманбап базар курулууда. ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт: https://regiontv.kg
REGION TV @ Instagram   / regiontvkg   REGION TV @ Facebook   / regiontvkg   REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan
REGION TV @ Телеграм https://t.me/trkregion

Смотрите также