🚖✨ Ошто жаңы муниципалдык такси кызматына белек!
Жалал-Абад облусунун ишкерлери Ош шаардык мэриясына 10 жаңы унаа белекке беришти. 🚗🎁 Бүгүн борбордук аянтта өткөн салтанатта автоунаалар шаар мэри Жеңишбек Токторбаевге расмий тапшырылды. 🎉 Жаңы унаалар жакынкы күндөрү ишке кире турган муниципалдык такси кызматына пайдаланылат. 🚕 Айрыкча VIP-каттамдар үчүн кызмат көрсөтүү пландалууда. 👔🌟 Белгилей кетсек, бул кызмат шаардыктардын коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүн камсыздап, ошол эле учурда шаардык казынаны толтурууга багытталган. 🏙️💰