Аскат Мусабеков - Аруузатым(текст)
Аскат Мусабеков - Аруузатым Аруузатым, ай чырагым, аппагым, Сени көрүп мен тазара баштадым. Карегиңде жүргөн экен катылып, ай Качанкы бир мен жоготкон асманым. Карайлаган көңүлүмө нур толуп, Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп. Кайран жаштык өткөнчө, Кайрылбастан кеткенче. Карындашым, кагылайын, кагылайын мага бир жолук. Бир уу жылан сойлоп өтүп сүйүүмөн, Бир заматта ойрон болгон дүнүйөм. Өзүң менен айыкчудай сезилип, ай Өзүм билбейм неге мынча сүйүнөм. Тагдыр мени каалагандай калчадың, Акың калса алып бүтчү, чарчадым. Жаштык узап кетелекте бир жолу, эй Жашоо берчи жашылындай арчанын. Карайлаган көңүлүмө нур толуп, Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп. Арман болуп дүнүйөм, Айрылганча сүйүүдөн. Аруузатым, айланайын, айланайын, мага бир жолук Карайлаган көңүлүмө нур толуп, Кайрадан бир төгүлөйүн ыр болуп. Кайран жаштык өткөнчө, Кайрылбастан кеткенче. Карындашым, кагылайын, кагылайын мага бир жолук. Аруузатым, айланайын, айланайын мага бир жолук