УКМК: 40 МИҢ БАШ БОДО МАЛ СЫРТКА МЫЙЗАМСЫЗ САТЫЛГАН
УКМК айыл чарба министрлигинде уюшулган коррупциялык схеманы аныктап, 4 жетекчини кармады. Министрдин орун басары, ветеринардык кызматтын директору, бөлүм башчылар өз адамдарына малды экспорттоого квотаны мыйзамсыз беришкен. Алар документтерди жасалмалашкан. Анын кесепетинен ортомчу ишкерлер мыйзамсыз алынган квоталарды дыйкандарга жана экспорттоочуларга сатып, бир баш бодо малга 300 доллар, кой-эчкиге 5 миң сомдон алышкан. Коррупциялык схема аркылуу 40 миңдей бодо мал кошуна мамлекетке мыйзамсыз чыгарылып, өлкө ичинде эттин кымбатташына алып келген. Бул кылмышка тиешеси барлардын баары кармалды.