✅ Мэр Жунусов көчөсүн кеңейтүү иштеринин жүрүшүн көрдү
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде, Жунусов көчөсүн кеңейтүү иштери жүрүүдө. Учурда жолго тоскоолдук жараткан курулуштар, мыйзамсыз дүкөндөр алынып жатат. 🔹Ошондой эле суу түтүктөрү жаңыланып, ирригациялык лотоктор да орнотулууда. Алдыда кеңейтилген жолго асфальт төшөлөт. 🔹Бүгүн мэр Жеңишбек Токторбаев жасалып жаткан иштерди жеринен көрүп, текшерип чыкты. Калаа башчы аталган көчө менен кесилишкен башка ички көчөлөрдү да оңдоо зарылдыгын белгилеп, мыйзамсыз курулуштарды алуу иштерин баштоону тапшырды.