G
enby!

Садыр Жапаров: Ош шаары жаңыланып, “өхх!” деп аткан экен | (К. Ташиев рулда)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында минкаб төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Ош шаарынын мэри Жеңиш Токторбаев менен биргеликте Ош шаарындагы жолдордун салынышы менен таанышты. 2025-жылы Ош шаарында жалпы 33 көчөнү куруу иштери колго алынган. Республикалык бюджеттин эсебинен 22 чакырымга жакын 11 негизги көчө капиталдык оңдоодон өттү. Жергиликтүү бюджеттен каржыланып, шаар ичинде дагы 22 көчөдө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Жалпы 90 пайызга жакын жол асфальтталып Эгемендүүлүк күнүнө карата элге пайдаланууга берилүүдө. Белгилей кетсек, рулда Камчыбек Ташиев отурганын көрүүгө болот. ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт: https://regiontv.kg
REGION TV @ Instagram   / regiontvkg   REGION TV @ Facebook   / regiontvkg   REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan
REGION TV @ Телеграм https://t.me/trkregion

Смотрите также