УТРК НАРЫН: НАРЫН БАЛДАРГА ЖАНА ЖАШТАРГА ЫҢГАЙЛУУ ШААР
Нарын шаары “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” сынагында 22 шаардын ичинен 2-орунду алды. Бул сынак республика боюнча балдардын жана жаштардын ар тараптан өнүгүүсүнө шарт түзүү максатында уюштурулган. Кечээ жаштар күнүндө жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп, калаа башчысы Жайнак Немат уулуна 2 млн. сомдун сертификаты тапшырылган.