G
enby!

Тригонометрия. 39-сабак. Бардыгы ушул жерде. Созсуз кор

Бугун биз тригонметрияга тиешелуу болгон бардык тушунукторду жана аларга карата маселелерди карап чыкмакчыбыз. Бул сабак болгону 10-15муноттун тегеригин тузот. Ушул убакыттын ичинде бардык тригонометрияга тиешелуу болгон тушунукторду кыскача жол менен тушунуп, аларга тиешелуу болгон маселелерди чыгарганды уйронуп алсанар болот. Андыктан видеону аягына чейин коруп, ар бир керектуу нерселерди жазып алуууну сунуштайм. Азыр коп адамдын тушунугу боюнча тригонометрия, тундуу же интеграл деген тушунуктор жашоодо колдонгулбайт, негизи бул туура эмес. Эгерде маанисин жакшылап тушунуп алсанар, коп жерден колдонсонор болот. Эн алгач эле тригононометрия деген эмне? Ушул тууралуу айтып берсем. Тригонометрия бул тригоно жана метро деген эки создон турат. Тригоно бул уч бурчтук дегенди билдирет. Ал эми метрио бул ченоо дегенди билдирет. Жалпысынан уч бурчтукту ченоо деген маанини билдирет. Демек, тригонометрияга тиешелуу болгон эрежелер, уч бурчтуктун жардамы менен келип чыгат. Тригонометриялык чондуктарга эреже айтаардан мурда томонку создордун айырмачылыктарын билип алышыбыз керек. Эн алгач эле карама каршы жана жанаша деген создордун маанисин. Мисалы бизге томондогудой уч бурчтук берилсин. Андан каалаган жеринен бир бурч белгилеп алсак, ал бурч альфа бурчу. Эми ушул бурчка карама каршы жана жанаша жаткан жактарды табабыз. Альфа бурчуна карама-каршы жак деп а жагын айтабыз, ал эми жанаша жаткан жак деп b жана с жагын айтабыз. Эми томонку уч бурчтукка конул бурабыз. Видеону паузага коюп, бетта бурчуна карама-каршы жана жанаша жаткан жактарды табабыз. Бетта бурчуна карама-каршы жак бул z жагы, ал эми жанаша жаткан жак x жана y жагы. Эгерде туура тапсанар видеону улантып коргуло, эгерде туура эмес тапсанар видену башынан кайра коргуло, себеби бул тушунуктор ото маанилуу нерселер, бул тушунукторду билбей туруп, тригонометриялык чондуктарга эреже беруу мумкун эмес. Эми катет жана гипотенуза. Катет деп 90градусту тузгон жакты айтабыз. Бул жакта 90градусту тузгон жактар а жана б жагы, ал эми гипотенуза бул уч бурчтуктун эн узун жагы. Бул уч бурчтуктун эн узун жагы с. Эми тригонометриялык чондуктарга аныктама берсек болот. Эн алгач синустан баштасак. Синус деп-альфа бурчуна карама-каршы жаткан катеттин гипотенузага болгон катышын айтабыз. Демек синус альфа=б/с. Эми силер видеону паузага коюп жогоруда турган уч бурчтуктан синусту табыныздар. Туура, синус бетта=х/z Эми косинус. косинус деп-альфа бурчуна жанаша жаткан катеттин гипотенузага болгон катышын айтабыз. Демек косинус альфа=а/с. Эми силер видеону паузага коюп жогоруда турган уч бурчтуктан косинусту табыныздар. Туура, cos бетта=y/z Эми тангенс. Тангенс деп-альфа бурчуна карама-каршы жаткан катеттин жанаша жаткан катетине болгон катышын айтабыз. Демек Тангенс альфа=б/а. Эми силер видеону паузага коюп жогоруда турган уч бурчтуктан тангенсти табыныздар. Туура, tg бетта=х/y

Смотрите также