G
enby!

УТРК НАРЫН: НАРЫН ШААРЫНДА 13 ЧАКЫРЫМ ИЧКИ ЖОЛДОРГО АСФАЛЬТ ТӨШӨЛӨТ

Быйылкы жылы Нарын шаары боюнча жалпы 24 чакырым жолго асфальт төшөө мерчемделген. Бул жолдорду жасоого өлкө казынасынан бир млрд 147 млн. сом каралган. Мунун ичинен жалпы узундугу 13 чакырымды түзгөн 39 ички чакан көчөлөргө асфальт төшөлмөкчү. Буга чейин сегиз көчөдө жер жумуштары аткарылган. Үч күндөн бери узундугу 1.5 чакырымды түзгөн Жусуп Баласагын көчөсүнө асфальт басылууда.

Смотрите также