“ОН МИҢ СОМ ҮЧҮН САТЫЛГАН БИР ТУУГАНЫМДЫ ИЗДЕЙМ”
Бул жолку каарманыбыз 34жаштагы Гулжигит. “Жалгыздыкты ар дайым сезинем. Бул сезим мени өмүр бою коштоп келаткандай туюлат. Бирок бул жолу өзүм аракет кылып убагында ичкиликтин айынан апам дунгандарга сатып жиберген бир тууганымды, бизди эмес, ичкиликти тандап кеткен апамды тапкым келет”дейт каарманыбыз