G
enby!

ИНФЛЯЦИЯ: "СЕКИРГЕН БААЛАР, СЕСТЕНТКЕН КЫМБАТЧЫЛЫК"

Улуттук банк Кыргызстандагы инфляциянын жылдык көрсөткүчү 8%дын деңгээлинде экенин жарыялады. Соңку мезгилде товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары улам өскөндүктөн улуттук валюта - сомдун кунсуздануусун алдын-алуу жана баалардын өсүшүн ооздуктоо максатында эсептик чен 9,25 пайызга чейин жогорулатылды. Кымбатчылыктын негизги себептери эмнеде? Сезондук факторлор, дүйнөлүк жана чөлкөмдүк рыноктун таасирлери, ашкере бааларды коюуда кызыл кулактыктын ролу. Жакшы өткөн товарлардын бааларын ашкере көтөрүүдө дүң соода менен алектенген компнаиялардын картелдик келишип алуу чийимдерин аныктоонун татаалдыгы. Баа саясатын мамлекеттик жөнгө салуунун мыйзамдык базасынын чабалдыгы жана сунушталып жаткан мыйзам долбоорлорунун мазмуну. Мына ушул жана башка жагдайлар тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев мырза менен “Кабар” агенттигине маек курду. Маекти журналист Кубаныч Жолдошев алып барды.

Смотрите также