Комуз чаап киреше тапкан уста
Улуттук аспаптарда кол ойноткон баткендик Карим Дыйканов 400дөй комуз чапканын айтат. Анын бул кесиби музыкага болгон шыгынын арты менен жаралып, алгач өз муктаждыгы үчүн комуз чапса, кийинчерээк буюртма бергендерге арналып калган. Анын колунан жаралган комуздары Ош, Жалал-Абад облустарына, андан ары Орусияга чейин жетип,чертилип келет.