Башкы прокурор Курманкул Зулушев мектептке баруу үчүн эшек минип 3 чакырым жол жүрчү
Октябрдагы нааразычылыктардан кийин өкмөт курамы алмашып, парламенттин колдоосу менен Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр болгон. Жапаров баштаган жаңы өкмөттүн курамы толук алмашпаса да, башкы кадрлар алмашкан болчу. Алардын катарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы болуп Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор болуп Курманкул Зулушев дайындалган. Турмуш басылмасынын Жалал-Абаддагы кабарчылары УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин бала чагы өткөн айылга барып, ал чоңойгон үйгө барышкан эле. Бул сапар Турмуш басылмасынын Оштогу кабарчылары Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кичи мекенине барып келишти.