G
enby!

Кыз узатуу 3-бөлүк. Кызга көрүндүк алуу жана кызга сөйкө салуу аземи

Сөйкө салуу салты Кызга болочоктогу кайын энеси же чоң энелер кыздын кулагына сөйкө тагат. Бул “биздин кыз” болуп калды деген белги. Илгертен кыргыз элинде кудалашуу, кыз узатуу сыяктуу улуу салттар өзүнүн жөрөлгөсү менен коштолуп келген. Болочоктогу күйөө бала кудалап барганда, кызды дароо эле көрсөтө беришчү эмес. Алгач кыздын жанында жүргөн жеңелери өз салтын сактап, күйөө бала менен анын жолдошторун сынап, тамаша-чыны аралаш каада кылышчу. Жеңелердин адаты боюнча, алар: – «Кызды көргүңөр келсе, адегенде көрүндүк бергиле» – деп талап кылышат. Бул жөн эле оюн-күлкү эмес, кыздын кадыр-баркын көтөрүп, анын тектүүлүгүн, баркын даңазалоо болгон. Күйөө бала менен анын жолдоштору жеңелердин тилин табуу үчүн көрүндүгүн сунуштап, ыраазычылыгын билдирет. Ошондо гана жеңелер сүйүнүп, эл күткөн кызды жаркыраткан жүзү менен эл алдына алып чыгышат. Бул салт – кыздын баалуу экенин, аны ар кимге эмес, татыктуусуна гана көрсөтөрүн айгинелеп турган. Эл алдында кыздын көркүнө суктануу – өзүнчө бир майрам, өзүнчө бир сыймык болгон.

Смотрите также