ЛАДАН-КАРАДА 500 ОРУНДУУ МЕКТЕП КУРУЛУП ЖАТАТ
ЛАДАН-КАРАДА 500 ОРУНДУУ МЕКТЕП КУРУЛУП ЖАТАТ 🔶️ Жалал-Абад шаарына караган Ладан-Кара айылында 500 орундуу заманбап мектеп курулууда. №27 З.Бакиров мектебинин бул жаңы имараты 2 кабаттуу болуп, 5 блоктон турат. 📌 Курулуш иштери ушул жылдын июль айында башталган. Имараттын тендердик баасы 234 млн. 764 миң сомду түзөт. Мектептин курулушу “Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоору аркылуу ишке ашырылууда. 📌 Эскерте кетсек, 2014-жылы ӨКМ аталган мектептин эски имаратын жараксыз деп тапкан. Ушул тапта ага карабай 270 орундуу эски мектепте 1107 окуучу билим алууда. 🖊 Жалал-Абад шаардык мэриясынын Маалымат борбору
Смотрите также
