G
enby!

Дасторконго арак коюлса же тамада уятсыз оюндарды уюштурса эрте туруп тойдон кетип калам, 2-бөлүк

Аягы. Уландысы мындан алдыңкы видеодо: “Алайлык туугандарым “кыз узатуу” тойго чакырып калышты. Дастаркондо спирт ичимдиктер болгон жок, суу менен кампот гана куюлуп жатты. “Жаштар үчүн алып жиберели!” сыяктуу тосттор айтылбады, тилек-каалоолор гана болду. Тамада Аман Ибраев да тойду жакшы алып барды - мага жакты. Адамды уят, шерменде кыла турган, абийирин төгө турган беймаани оюндарды уюштурган жок. Башка сөз менен айтканда, той конокторуна сунуштаган оюндар, конкурстар, тамашалалар маданияттуулуктун жана этиканын чегинен чыкпады, бирок курч юморлуу жана аябай шайыр өтүп жатты. Башка тамадалаларга жана болочок той ээлерине үлгү катары ушул видеомду тартулаймын! РS. Кечээ ресторандарды кыдыр жүргөн милициялар жөнүндө видео көрдүм эле. Ошол үчүн үйдөгүлөргө “тойдон эрте эле келип каламын” деп чыгып кеткенмин жана тойдо саат 22:00 дон кийин “качан милиция келип тойду жабат экен?” деп утур-утур саатымды карап олтурдум. Бирок келишкен жок, той 00:00 до аяктап, 00:30 коноктор тарашты башташты. ☺️🤗”. #жакшытой #адалтой #жакшытамада #спиртсизолтуруу #тойлордобеймааниоюндаргажок #тойдужакшыалыпбаруу #алайлыктар #аманибраев #тойлоркечкионгочейин

Смотрите также