Жаңылыктар | 29.08.2025 | Бишкектеги жол тыгын, мэрдин кайрылуусу
Израил армиясы Газа шаарын толук басып алуу үчүн даярдыкты күчөтүп, бир миллиондой тургунду жер которууга мажбур кылууда. Антонио Гутерреш Изарилдин аскердик операциясын кеңейтип жатканын айыптады. Украина Киевдеги жапырт чабуулдун курмандыктарына аза күтүүдө. 28-августта баш калаага атылган ракеталар менен дрондордон өлгөндөрдүн саны жыйырмадан ашты, алардын төртөө жаш балдар. Бийлик медициналык адистерди даярдоого мамлекеттик монополия киргизди.Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев муну медициналык билим берүү тармагын иреттөө деп түшүндүрдү. #бүгүназаттыкта #украина #орусия _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus