G
enby!

МИЛИЦИЯГА АЛДАНГАН МИГРАНТ

Артурдун алданган окуясы, Россияда айдоочулук менен оокат өткөргөн миңдеген мекендештерге тааныш. Аталган өлкөдө жаран алкоголдук ичимдикке күмөн саналган учурда медициналык текшерилүүдөн баш тартса, айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратууга жол берген тартип иштей баштаганы, мигранттарга түйшүк жаратып келет. Артурду иш үстүндө жол сакчысы тосуп документтерин текшергенден кийин коё берген. Көрсө жол тескөөчү медициналык текшерилүүдөн баш тартты деген документке Артурдун атынан документ жасап, сотко өткөрүп жиберген экен. Жалган протоколдун негизинде сот айдоочулук күбөлүктөн ажыраткан. Бүгүн жалган проткол же жалаа деп айтууга толук укуктук негиз бар. Анткени Артур укук коргоочуларга кайрылып жол тескөөчү менен соттошуп, жеңип алды.

Смотрите также