G
enby!

ПЕРИШТЕЛЕР КАНДАЙ БОЛОТ?

Периште! Аллахка толук түрдө баш ийген, напси болбогон, шайтан да азгыра албаган, материалдык нерселерге муктаж болбогон, атайын милдети бар руханий нурдуу бир акыл ээси болгон жаратык! Периштелер өтө көп, санын биле албайбыз! Периште дегенде бир эле түр жаратыкты ойлобошубуз керек. Жаныбарларда, өсүмдүктөрдө түрлөр болгондой эле периштелердин да түрлөрү өтө көп! Дегеле жер бети ар кандай жандыктардан тартып, миң түркүн микро организмдерге чейин толо. Мисалга оозубуздун тегерегин эле байырлаган миллиондогон микро организмдер бар. Эми жердин кыпындай бөлүгүн дагы бош калтырбаган Аллах, жерден да чоң жылдыз жана планеталарды кантип бош калтырсын?! Дал ошол сыңары жамгырдын тамчыларына жоопкер болгон периштелер, арш ааламына жоопкер болгон периштелер, адамдардын амалдарын жазып турчу периштелер бар.

Смотрите также