G
enby!

Окуучу кыздын өлүмүнө шектүү мурда бир нече жолу соттолгон

ЭСКЕРТҮҮ: Бул видеодон айрым үзүндүлөр алынды. Анткени өзүн Айсулуу Мукашеванын “агасымын” деп тааныштырган Сыймык Нарынбек уулу маркумдун жакын тууганы эмес экенин Айсулуунун атасынын агасы “Азаттыкка” билдирди. Ошол эле маалда Айсулуунун энесинин жакындары Нарынбек уулуна маалымат таратууга уруксат беришкенин ырастады. Маркумдун үй-бүлөсүнөн жана “Азаттыктын” көрөрмандарынан кечирим сурайбыз. Жети-Өгүздө 27-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө байланыштуу 41 жаштагы адам кармалды. Окуучу кыз Каракол шаарына курбусунукуна кетип, ошол бойдон дайынсыз жоголгон. Кыздын атасы арыз менен милицияга кайрылып, текшерүү иштери башталган. 41 жаштагы шектүү кармалып, камакка алынды. Ага “Адам өлтүрүү” беренеси менен айып коюлду. Милиция тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, кыз зордукталып, өлтүрүлгөнү аныкталганын билдирди. #зордуктоо #кыз #кылмыш #жаңылыктар _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Смотрите также