Биримкулова Кундуз Тагдыр жолу 1- бөлүм
... - Оо Артур мырза кандайсың,жаныңызда айым менен бизди тааныштырарсыз..? Албетте,бул менин жубайым Айсалкын. Мм жубайым де..Саламатсызбы..?-мен Сабинанын атасы Садык Жумогулович..колун мага сунду.. Айсалкын.. Бул менин кызым Сабина,Артурдун бала күндөгу,алгачкы махабаты..ха..ха..ха Кулак жаңырта каткырып күлдү.Мен анын күлкүсүнүн себебин түшүнгөн жокмун.А мырзанын көзүндөгү көз караш,жек көрүүнүн сепкини экенин, ал учурда түшүнбөдүм,бирок чоочуладым. Артурда ха..ха..ха...күлүп калды.Садык мырза ал бала күндөр артта калды.Биз бой жетип чоңоюп,ой максаттар өзгөргөнү качан.Азыр биз,бир болгону эски таанышпыз. Мм эски таанышпыз де...Эски тааныштардын, канча көз жашы кургабай,тебелендиде калганы,мага кызыксыз дегениңби.Анын берчү эсеби бар экенин унутпа Артур мырза..!-деп шарт бурулуп,кызын жетелеп басып кетти. Мен Артурдун көздөрүнөн,ойлуу көз карашты байкадым да..- Баары жакшыбы..? Ооба жакшы..