Кайната менен келиндин кирешелүү бизнеси
Кыргызстанда балчылык жана аары кармоо акыркы мезгилде бизнестин бир түрүнө айланып, ага кызыккандар барган сайын арбып барат. Өлкө боюнча жылына 10-12 миң тонна бал өндүрүлөт. Алардын бири аксылык кайната менен келин Авлетим жайлоосунда тоо башында он жылдан бери балчылык менен алектенишет. Аюулар байырлаган бул тоо кыркаларында аары кармоо да оңой эмес. Ал эми Сузактык ата-бала Матбековдор эне аарыларды чет өлкөгө экспорттоп, милллиондоп акча табышат. "Данисте" берүүсү бул жолу түштүк жергесиндеги бал чарбасынын абалына арналат.