Жубайыңыз сизди Бейишке жетелеп барабы? Марс Ибраев I Рахат Аманбаева I Заман Подкаст
“Заман” подкастыбыздын кезектеги коноктору көптөн күткөн, мыкты, үлгүлүү үй-бүлө болгон, андан тышкары коомубуздун дагы өнүгүшүнө, жакшы баалуулуктардын жайылышына зор салымын кошуп келген инсандар – Ибраев Марс устазыбыз жана Аманбаева Рахат устазабыз. Ибраев Марс устаз – Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, “ОРДО” диалог платформасы” коомдук фондунун жетекчиси, Кыргызстан Ислам университетинин Ректорунун кеңешчиси, аалым, коомдук, диний ишмер. Аманбаева Рахат устаза – “Ак ниет” кыздар медресесинин директору, Кыргызстан Ислам университетинин мугалими, коомдук, диний ишмер. Үлгүлүү инсандар, үлгүлүү үй-бүлө катары конокторубуз менен коомубуздагы мусулмандардын, динибиздин абалын, үй-бүлөлүк баалуулуктардын абалын, үй-бүлөлөрдүн ичинде кандай көйгөйлөр, келишпестиктер бар экенин, балдарга кандай жакшы тарбия бериш керек экенин, мыкты эркек, мыкты аял, мыкты мусулман кандай болуш керек экенин, бактылуулуктун сыры эмнеде экенин сүйлөштүк. Конокторубуз өзүлөрүнүн жеке жашоосунан дагы, алган илиминен дагы насааттарын, кеңештерин айтышты. Жана ушуга окшогон көптөгөн маселелер дагы сүйлөшүлдү. Жалпы угуучуларга кызыктуу, пайдалуу жана маанилүү маек болду деп ишенебиз. Таймкоды: 0:00 – Тизер 01:40 – Киришүү 03:47 – Кантип таанышып, баш кошушкан 08:00 – Коомубуздун, үй-бүлөлөрдүн абалы кандай? 13:22 – Аял кишинин коомдо, үй-бүлөдө ролу кандай болуш керек 19:10 – Эркектердин коомдо, үй-бүлөдө орду кандай 22:40 – Үй-бүлөдөгү маанилүү адаттар 28:05 – Жумуш, коомдук иштер, үй-бүлө ортосунда баланс сактоо 38:00 – Балдарга руханий баалуулуктарды кантип жеткиребиз 46:31 – “Бороондогу үй” болуш үчүн эмне кылыш керек 51:42 – Күчтү, эркти, энергияны кайсы жактан алабыз 58:30 – “Бакыт тынчтыкты сүйөт”, назар, көз тийүү маселелери 1:03:34 – Бар нерсеге шүгүр кылуу 1:06:40 – Жаңы курулуп жаткан үй-бүлөлөргө кеңештер 1:14:54 – Мыкты, идеалдуу мусулман кандай болуш керек 1:30:24 – Такыбалыгыбызды Жаратканга, адамдыгыбызды адамзатка Каналга катталып, жакындарыңыз менен бөлүшүп, жакшы ишке салым кошуңуз. Сиздерди терең урматтоо менен подкасттын алып баруучусу Денис Пышкин жана Нурсултан Майназаров болду. Production: Antares Creative Group antares_group Биздин Instagram: denis_ajy nursultan_mainazarov zaman_podcast