Бишкек: Чехтер 100 жыл мурун курган “Интергельпо”
Кыргызстанда машина куруучу алгачкы заводдун курула баштагандыгынын 100 жылдыгы белгиленип жатат. Бул завод баштаган бир нече ишканаларды «Интергельпо» кооперативинин мүчөлөрү курган. 1925-жылы Пишпекке Чехословакиядан куруучулардын биринчи эшелону келген. Бүгүнкү күндө тарыхта калган кооперативди Интергельпо деп аталган көчө гана эске салат. Ал жерде жайгашкан жүз жылдык тарыхы бар чоң завод урандыга айланып, сүрдүрүүнүн алдында турат. Заводдун жумушчулары үчүн курулган үйлөр, жатаканалар согуш тууралуу тасма тарткан аянтчадай көрүнөт. Анткен менен бул имараттар баш калаада арзан баш калка издегендер арасында дагы эле суроо-талапка ээ. “Азаттыктын” “Азия 360” долбоору даярдаган берүүнү кыргыз тилинде сунуш кылабыз. #интергельпо #кыргызстан #чехословакия #чехия _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus