Камалгандар бийликке келбесин деп, Кызык сөздөр чыкты го оозуңардан | Айт Айт Десе | Заман акыны
Камалгандар бийликке келбесин деп, Өздөрүнө эки дос алышканбы? Жанталашып кол коюп кагазына, Зек болгонун унутуп калышканбы? Камалгандар бийликке иштебейт деп, Кызык сөздөр чыкты го оозуңардан. Корккондуктан мыйзамды чыгардыңар, Экөөңөр да кеткиле ордуңардан. Камай калып кыргыздын кыйындарын, Ойлодуңар бийликте калабыз деп. Сабатсыздар, шерменде болдуңар го, Баардыгына амалды табабыз деп. Ак үй эмне атаңдын үйү беле? Айтканыңар калчудай аткарылып. Эл кааласа шайлашат каалаганын, Бийлигиңер калганда аңтарылып. Эки зек мыйзамга башты ийип, Жоголгула көрүнбөй көзүбүзгө. Таза кыргыз Кудайдан коркуп турган, Татыктуусун шайлайбыз өзүбүзгө. Патреондо колдогонуңузга чоң ырахмат / temirovlive Достор, эми сиздер бизди криптовалюта которуулары аркылуу колдой аласыздар! Биздин капчыктарыбыз: BTC Bitcoin: bc1q9hz4k0j87q94w735m8q243secjgzxs3d23pzzc ETN Ethereum: 0x274366464A7Ec64e66548c62Fd591c55F09249b2 USDT Ethereum: 0x274366464A7Ec64e66548c62Fd591c55F09249b2 USDT Tron: TN9MMHnXmpRgXtowWHuJhXihrGadBjmr9f Биздин Телеграм: https://t.me/+7k1vORyw6SVjMWE0
Биздин Фейсбук: https://www.facebook.com/profile.php?...
Биздин Тик-Ток: https://www.tiktok.com/@aytaytdese11?...
Биздин Инстаграм: https://www.instagram.com/aytaytdese1...