G
enby!

Жырткыч бир гана малды көтөрүп кетет. Зардалыга сапар

Баткен районунун эң алыскы, жолу татаал Зардалы айылында 4 кылым мурда таштан салынган турак үйлөр бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Тоо бооруна жана айыл этегине жапыс болуп салынган бул үйлөр жөнүндө жергиликтүү тургун, аксакалдар кеңешинин төрагасы Таштанбай Айдаров айтып берди. «Сакы, Бакы, Баатыр, Манас жана Дана молдо деген ата-бабаларыбыз мындан 4-5 кылым мурда бул жерге көчүп келишкен. Алгач таштан калама кылып турак жай салышкан. Кийинчерээк таш жана ылай менен салынган үйлөр пайда боло баштаган. Акыркы салынган үйлөргө да болжол менен 200 жылдын жүзү болуп калды.

Смотрите также