Көз боёмочулук! Элди кууп чыкты! Акыркы сааттагы кабарлар 26 - октябрь
Көз боёмочулук, же үйсүз калган элдин тагдыры. С.Аблесов деген мурунку курулуш министри менен Аманбанк банкы 23 үй-бүлөнү, жалпысынан 200 жаранды, жөнөкөй элди Самойленко 1 дарегиндеги үйүнөн чыгарып, көчөгө калтырды. Укук коргоочу Умаров Камил Саздаковичтин айтуусуна караганда: 1. Аблесов Садыкбек Аманбанк банкы аркылуу алдоо схемасын түзгөн шылуун. 2. 1998-жылдан бери жашап келе жаткан жарандардын Самойленко 1 дарегиндеги үйдүн Аблесовдун фирмасына байланыштуу эч кандай тиешеси жок, байланышы жок. Асмандан алып эле, меники деп, алдап, Госрегистрден Госакт документин жасатып алган. 3. Жасалган документтердин мөөнөттөрү ар түрдүү болуп, арта жылдырылып жазылганына карабастан, БишкекшаардыкГосрегистри Госакт китебин жасап берген.. 4. 2013-жылдан бери сот болуп келгени менен, Самойленко 1 дарегиндеги жарандар сотко жабырлануучулар болуп катышкан эмес. 5. Ленин райондук ИИБнүн тергөө кызматкерлери жабырлануучулардын кызыкчылыгын коргогон эмес. Алар капчыктуулардын укугун коргойт, жөнөкөй жарандарды кордойт. 6. Ленин райондук Прокуратурасы да жеткиликтүү көзөмөл жүргүзө албайт, тергөө кызматы менен табакташ сыяктуу күмөн жаратат. 7. Ленин райондук соту Тилек Ормушев кесиптик милдеттенмесин билбейт, соттук териштирүү иштерин жүргүзө албайт, акчалуулардын кызыкчылыгын коргойт, элдин тагдырына балта чапканды жакшы билет. 8. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев элдин көйгөйүн жаратканды жакшы билет, алардын көздөрүнөн кан агызат. Мэр А.Жунушалинв өзүнүн фунционалдык обязанностун билбейт. капчыктууларды колдойт, үйсүз калган жарандар үчүн алдын ала чара көрбөйт. Көк-Жар конушундагы көйгөйдү түзүүчүлөрдүн бири болот, бирок жоопкерчилик тартпай сайраңдап жүрөт.