G
enby!

БАЛАМА с:Э.Ибраев о:Э.Мааданбеков– ГҮЛМАЙРАМ Момушева, кошт: Кубан Э. (эжеге кайрылуум описаниеде)

Видео от Кубанычбек Рахматович Эсеналиев. Каналга жазылабыз коңгуроону жана лайк басканды унутпагыла. 27.11.2022 Бишкек шаары ГҮЛМАЙРАМ эжени бала кезимден эле телевизордон көрүп, ырдаган ырларын жактырып укчумун. Аккардеонду бала кезимден кармагандыктан ошондо эле ГҮЛМАЙРАМ эжеге ж.б. жакшы ырчыларга аккордеондо коштоп бергенди кыялданчумун. ГҮЛМАЙРАМ эже менен буга чейин 16-декабрь–2020 ЭлТРге „Чак Түш“ берүүсүнө түз эфирге мен да чакырылып, АЛТЫНБЕК Сапаралиев агай үчөөбүз чоогу болуп, мен экөөнө тең аккордеондо коштоп бергенде экөө менен тең биринчи жолу жүз көрүшүп сүйлөшүп таанышкам. Андан кийин ушул күнү 27–ноябрь–2022 „Ыр кербени“ теле долбоорунун драма театрында өткөн жыл жыйынтыгы концертинде экинчи жолу жолуктум. ГҮЛМАЙРАМ эжеден ЧООҢ КЕЧИРИМ СУРАЙМ🙏 себеби эже ушул учурда ырдагысы келген эмес. Мен «Бирөөгө зыяны тийбеген, керектүү калптын күнөөсү жок» анын сыңарындай эжеден „өзүмө тартып алайын, үйгө алып барып көргөзөйүн“–деп суранып, ЭЛГЕ ЭЖЕНИН ЫРЫН ТАРТУУЛОО МАКСАТЫНДА өзүмдүн соткама тарттырып алгам. Мага мындай жакшы моментти кетирбешим керек болгон, себеби мен кийин качан ГҮЛМАЙРАМ эжеге жолугам, эмки жолкусунда эже ырдап берет беле, мен деле аккордеонду күнүгө эле жанымда көтөрүп жүрбөйм.. Ошондуктан бир келген учурду кармап, ГҮЛМАЙРАМ эжени өзүм коштоп берип ырдатып тартып алганыма Кудайга шүгүр кылам🙏 Бар болуңуз ГҮЛМАЙРАМ ЭЖЕКЕ, өмүрлүү, бактылуу болуп, оорубаңыз, Аллахым колдосун Сизди ООМИЙИН🤲🙏

Смотрите также