G
enby!

"Сүйгүм келет" - Клара Оролбекова

Клара Оролбекова - "Сүйгүм келет" Созу: Дамир Кадыр уулу Обону: Музур Мамбетов Аранжировка: Бекбоолу Таалайбеков Мен сага баргым, баргым келет, Ачкычын жүрөгүңдүн тапкым келет. Жанаша кол кармашып сени менен, Жаныңда бир өмүргө баскым келет. Мен сага баргым келет, баргым келет, Ачкычын жүрөгүңдүн тапкым келет, Назданып ийиниңе башым жөлөп, Шыбырап сезимимди айткым келет. Мен сени сүйгүм келет, сүйгүм келет, Эркелеп мээримиңе кангым келет. Жубайың болуп сенин татынакай, Жаныңда түбөлүккө калгым келет. Мен көргүм келет, көргүм келет, Жамалың көрүү үчүн шашкым келет. Жаркырап айдай болуп, күндөй болуп, Жарыгын махабаттын чачкым келет. Мен сага баргым келет, баргым келет, Жалындап, алоолонуп жангым келет. Жараткан буйруп турса жаным менин, Жакында биз эңсеген ал күн келет. Мен сени сүйгүм келет, сүйгүм келет, Эркелеп мээримиңе кангым келет. Жубайың болуп сенин татынакай, Жаныңда түбөлүккө калгым келет. #KlaraOrolbekova #Сүйгүм келет #КлараОролбекова

Смотрите также