G
enby!

Эл агартууга арналган өмүр: Т. Молдогазиев

"Креатив-Таалим" билим берүү комплексинин сыймыгы – Турганбай агай менен маек Биздин «Креатив-Таалим» билим берүү комплексинде өзгөчө сыймыктуу инсаныбыз бар. Ал эл агартууга өзгөчө салым кошкон, музыка чөйрөсүндө эбегейсиз чоң орду бар мугалим. Ал ким десеңиздер - комплекстин хор жетекчиси, композитор, обончу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Турганбай Молдогазиев агайыбыз! Жакында эле биз ардактуу агайыбыз менен жүрөк жылыткан маек курдук. Агайдын бала чагындагы жөнөкөй, бирок тарбиялуу үй-бүлөдө өткөн күндөрү, студенттик кезде башынан өткөргөн кызыктуу учурлары, чыгармачылык жолундагы кыйынчылыктар жана чоң ийгиликтер тууралуу баарлаштык. Маекте агайдын өзгөчө эмгеги, обондорго сиңген мурас, хор жетекчилигиндеги сабырдуулугу жана адамгерчилиги тууралуу көптөгөн баалуу ойлору айтылды. Өзгөчө кубанычтуу учур — кутман курагындагы ийгиликтери, жаштарга дем берип, чыгармачылыкка шыктандырып жатканы тууралуу бөлүштү. Бул маек — муундан муунга өтө турган улуу мурас. Турганбай агай сыяктуу инсандардын тажрыйбасы, өмүр жолу, чыгармачылыгы — биздин коом үчүн чоң байлык.

Смотрите также