G
enby!

Айгүл Чалова - Сүйүү арманы [lyric/текст]

🎤 Lyrics: Айгүл Чалова - Сүйүү арманы .......... Алдырба, алдырба, ай, өзүңдү кусалыкка. Эстей жүр, бирок мени, сүйгөн деп бир убакта. - Өзүңсүз өткүм келбей, жалгыздык жанга жетпей. Жашоодо бир келген, ай, сүйүүмө калдым жетпей. Аттиң, ай, арман кылам. Кайырма: Кайда, сөздөрүң сүйөм деген? Сагындым, сагындым, ай. Сүйүүдөн зар какшап, ай, аттиң, ай, арман кылам. Сүйүүмө жетпей калган, жүрөгүм кусаланып. Ыйлайт, ыйлайт, сыздатып жан дүйнөмдү. Кыйнайт, кыйнайт, тагдырдын буйругу, ай. - Курчаган жалгыздык, ай, камалып туңгуюкка. Кусамын мен ар дайым, ар качан кучагыңа. Чачырап сүйүү нуру, каптаган бир убакта. Шамалдар сүйүү нурун, учуруп кайсы жакка, учуруп кайсы жакка. Кайырма: Кайда, сөздөрүң сүйөм деген? Сагындым, сагындым, ай. Сүйүүдөн зар какшап, ай, аттиң, ай, арман кылам. Сүйүүмө жетпей калган, жүрөгүм кусаланып. Ыйлайт, ыйлайт, сыздатып жан дүйнөмдү. Кыйнайт, кыйнайт, тагдырдын буйругу, ай. Auto-generated by YouTube. #АйгүлЧалова #АйгулЧалова #СүйүүАрманы #суйууарманы #суйуу #арманы #кыргызча #ыр #ырлар #кыргызырлары #music #kyrgyzstan #кыргызчаырлар #хит #музыка #obonverse

Смотрите также