G
enby!

Москва: Батир алам деп алданган мигранттар

Орусиядагы кыргызстандык мигранттар "Нурхом" кыймылсыз мүлк агенттигине жана анын негиздөөчүсү Нуркан Улукбековага нааразы болушууда. Алар турак жай сатып алууга жардам берүү үчүн жүз миңдеген рубль төлөшкөнүн, бирок убада кылынган кызматтар көрсөтүлбөгөнүн айтышууда. Нааразы болгон кардарларга акчалары кайтарылган эмес. Көбү келишимдерге кол койгондон кийин шарттар күтүлбөгөн жерден өзгөрүп кеткенин айтышууда: пайыздык чендер жогорулап, башында убада кылынган бөлүп төлөө шарттары ыңгайсыз болуп калган. Нуркан Улукбекова өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда. Ал кардарлар келишимдин шарттарын толук түшүнбөй калган деп ойлойт. Ал арада мигранттар кыргыз бийлигинен жардам сурашууда. Алар орус полициясына кайрылышка, бирок андан эч кандай майнап чыккан эмес. #MigrantMediaCentralAsia

Смотрите также