Токтобүбү Черикчиева: “Биздин учурда тойдо ырдоо уят болчу”
О!Store интернет-дүкөнү: : https://ostore.kg/kg/
Бүгүнкү коногубуз сүйүү тууралуу ырларды ийнине жеткире аткарган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Токтобүбү Черикчиева. Анын аткаруусундагы “Сүйүп жүрдүм”, “Колукту”, “Жалгыздыктан жадап бүттүм” жана башка бир топ ырлар 90-жылдары ар бир үйдө жаңырып, калың журттун кулагына сиңип, күнү бүгүнкүгө чейин эл оозунан түшпөй келет. Бул маекте Черикчиева бала кезинен комузчулук өнөргө аралашканы, кыргыз маданиятындагы дөө-шаа адамдар менен бирге иштешүүдөгү бактылуу күндөрү, анын багына жазылып калган белгилүү чыгармалар, чоң сүйүүгө бөлөгөн өмүрлүк жары тууралуу айтып берди. Толугу менен видеодо.