Мендеги Ыйык Махабат - Чепни Серхат Өзтүрк (Асанкалый Керимбаев)
инстаграм: https://www.instagram.com/cepniserhat...
тигил ютуб каналым: @cepniserhatozturk • ТЕКСТ: Сүйүүм турат жердин кени тургандай, Мойнумдагы ыйык аяр тумардай. Көкүрөккө сыймык толуп караймын, Көп кыйналып жакшы бир үй кургандай. Сүйүүм агат мелмилдеген суулардай. Айбаттанат көлдө сүзгөн куулардай. Таттуу сайрап элжиретип сезимди, Таң алдында үн алышкан улардай. Сүйүүм турат жай күнүндөй толукшуп, Булбул сайрайт бутак сайын конушуп. Көзүмдөн курч, көкүрөктөн ал кетер, Унутпасмын кандай күндө жолуктук. Бул дүйнөдө ачкан менин үнүмдү, Жарык кылып көөдөндөгү түнүмдү. Сенин гана аман жүргөн карааның, Мен сен үчүн даңктап ырдайм сүйүүмдү. • #кыргызстан #kyrgyz #kyrgyzcha #kyrgyzrepublic #kyrgyzstan #кыргыз #кыргызканал #кыргызырлары #Асанкалый #Керимбаев #АсанкалыйКеримбаев #асанкалыйкеримбаевырлары #МендегиЫйыкМахабат