Мен өлүмдөн коркпойм . 🎧 [Аудио китеп ] 📜
Ош шаарынан алыстап баштаганда эле көгүлтүр асман бүркөлө баштады. Катуу айдаган такси тегиз жолдо зымырап учуп бараткансыды. Арткы орундукта отургандар менен айдоочу жигиттин сөзү түгөнбөй өз ара бир нерселерди талкуулап жатышты. Мен алдында отургандыктан мага анда санда гана айдоочу көз кыры менен караганы болбосо, беркилер көңүл деле бурган жок. Биз Алай өрөөнүн көздөй бараттык.