Кара- Кулжада профессор Шамши Исмаиловдун уулдары атасынын музейин түптөштү
Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл өкмөтүндөгү Шамши Исмаилов орто мектебинде физика илимдеринин доктору, профессор Ш. Исмаиловдун музейи түптөлүп, ачылуу аземи өттү. Музейдин ачылышына Ш.Исмаиловдун туугандары, санаалаштары, мектеп жамааты жана айылдаштары катышты. Эскерүү сөзүнө чыккандар илимпоздун коомдук иштерге кошкон салымын, шакирттерине кылган мамилесин, илимге болгон кызыгуусун белгилеп айтышты. Профессордун наамы Кара-Кулжадагы алдыңкы мектептеринин бирине 1999-жылы ыйгарылган. Мектеп директору Токтор Кудайбердиев агайдын эл үчүн жасаган кызматын кийинки муун билүү үчүн атайын музей үчүн канаа ажыратып бергенин айтат. «Агайдын билим берүүгө, айыл элине кылган кызматы үчүн мектепке ысмы ыйгарылып, музейлер ачылып жатат. Кийинки муун, окуучулар ушундай илимпоздон өрнөк алыш керек. Музейге канаа ажыратып бердик, балдары жасалгалап үйдөгү колдонгон буюмдарын алып келип жайгаштырышты. Биз ар бир алган сыйлыгын, китептерин окуучуларга мисал кылабыз»- деди Т. Кудайбердиев. Музейде профессордун сүрөтү, китептери, алган сыйлыктары, колдонгон буюмдары орнотулган. Шакирти, тууганы Жеңишбек Дуйшеев тарых илимдеринин кандидаты агайдын көрөгөчтүгү шакирт тандоодо жана алар кайсы жерде иштеп кете ала турганын баалай алганында болгон дейт. « Шамши Исмаилов ушул мектепте алгачкы жаш кадр убагында келип окуу бөлүмүнүн башысы болуп иштеп жүрүп андан кийин партиялык номенклатурага башкача айтканда жумушунун жакканына байланыштуу партиялык кызматка өтүп кеткен. Ошол мезгилде Кара-Кулжа райондук комсомолдук комитетинин биринчи катчысына чейин көтөрүлгөн. Анын белгилеп кетүүчү чоң эмгектеринин бири Кара-Кулжадан Алайкууга кеткен жолду курдурууда жаштарды үндөп, бүт жактан: тамак-аштан, кийим-кечеден камсыз кылып жол курдурууда жигердүү иштеп берген. Коомдук иштерди чын дилден аткарганынын арты менен Оштогу комсомол комитетинин Ош облусттук комитетине көтөрүлүп кетет. Ал мезгилде Ош облусуна Баткен, Жалал-Абад да кошулуп, чоң аймак болчу. Ошондой чоң аймакта комсомолодук ишмердүүлүктү жигердүү жүргүзүп, көп салымын кошуп кеткен. Бул кызматта иштеп жүрүп ошол мезгилдеги Түштүктөгү бирден бир Ош мамлекеттик педагогикалык институна окуу бөлүмүнө чакырылат. Ошондон баштап, 1961 –жылдан баштап өмүрүнүн акырына чейин Ош мамлекеттик университетинде ага окутуучу , доцент профессорлук кызматтарды аткарып дүйнөдөн былтыр өттү. Шамши Исмаилов авабыз билим берүү тармагында эле иштөө менен чектелбестен коомдук иштерге да жигердүү катышкан. Андан сырткары өзүнө жакын өзү туура деп эсептеген кадрларды алдыга сүрөө менен өмүр бою кадрларды өстүрүү менен да иштеп келди»-деп эскерди. Уулу Кылычбек Шамши уулу бүгүнкү музейдин ачылыш аземи балдары үчүн сыймык экенин белгилеп, атасы тууралуу кыскача эскерип өттү. « Атамдын аты коюлган мектеп Кара-Кулжадагы алдыңкы мектептердин бири болуп эсептелет. Бүгүн музейге атам колдонгон буюмдар, сыйлыктарды алып келип жайгаштырдык. Мектеп бир канаа бөлүп берди, калганын замандын талабына ылайык кылып жасап буюмдарды, китептерди жайгаштырдык. Мамлекет да атамдын эмгегин баалап, көптөгөн ардак граммота, медалдар менен сыйлаптыр. Атам менен бүгүн дагы бир жолу сыймыктанып алдым».