G
enby!

Киров суу сактагычында абал курч

Талас облусунун Айтматов районундагы Киров суу сактагычында массалык түрдө балык уулоого чыгып жатышат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас облустук башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, быйыл Талас дарыясындагы бассейндеги суунун жетишсиздигинен улам Киров суу сактагычындагы суунун көлөмү кескин азайганы байкалды. 2022-жылы суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 13,17 куб метрге жеткен болсо, бүгүнкү күндө 0,7 куб метрден гана суу агып, абал курч бойдон калууда. Башкармалыктын жетекчиси Бекмурза Ашимовдун айтымында, балык уулагандар кооптуу аймактарга да кирип кетүүдө. Ошондуктан суу сактагычта күчөтүлгөн тартипте рейддик иш-чаралар жүрүп жатат. Кененирээк https://www.turmush.kg/ky/news:540582

Смотрите также