Майыптыкка майышпаган токойчу
Биринчи топтогу майып Кеңеш Пиназаров ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүүсүнө карабай акыркы 5 жылдан бери Арстанбап токой чарбасын жетектеп келет. Аны бул кызматка майып экендигине карабай аймактагы токой пайдалануучулар ассоциациясы сунуш кылган.