Угулбай калган үндөр: Манасчы аялдардын тагдырлары
Бүгүнкү "Эсимде" көрсөтүүсүндө конокто аял манасчылар феноменин изилдей баштаган илимпоз Мукарам Токтогулова. Манасты аялдар айтпайт, манас айтуу аларга жарашпайт, бул эркектерге гана таандык өнөр, аялдар манас айтууну көтөрө албайт деген пикир бар. Сейдене семетейчи көп жылдар бою түшкөн аяндарына баш ийбей, айтуучу болбосоң - төрт балаңдан айрыласың деген эскертүүлөр чындык болуп чыкканда гана манасчылык өнөрүн көпчүлүккө тартуулай баштаган экен. Жаш кыз-келиндер манас айтканда ага каршы чыгып, эл көзүнчө ант бердирген учурлар да кездешкен. Көрсөтүүдө аял манасчылар тууралуу кенен маалымат ала аласыздар.