Ошто жарым кылымдан бери оңдолбой келген балдар ооруканасы толугу менен жаңыланууда
Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борбору ири ремонттон өтүүдө. Бул имарат 1955-жылы курулуп, акыркы жолу 1976-жылы капиталдык оңдоодон өткөн. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен башталган бул иш азыр кызуу жүрүп жатат. Эскилиги жеткен чатыр алмаштырылып, дубалдары толугу менен жаңыланып, ичинен да, сыртынан да акталып-сырдалды. Эшик-терезелер жаңыртылып, полу жана шыптары оңдолду. Коридорлоруна плитка төшөлүп, имараттын сырты жылууланды. Короосуна брусчатка жана асфальт төшөлүп, жашыл газон эгилди. Борбордо балдардын ыңгайы үчүн лифт орнотулуп, заманбап ашкана курулду. Мындан тышкары, имараттын сырткы тосмосу тургузулуп, көрктүү арка жана дарбаза орнотулууда. Ремонт толугу менен бүткөндө, бул борбор Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан келген балдар үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап шарттагы дарылануу жайына айланат.
Смотрите также
