Ак-Ордодогу кылмыш: шектүү эмнеге жок кылынды?
Милиция Бишкектин Ак-Ордо конушунда эки бир туугандын өлүмүнө шектүү жаран качууга аракет кылып, жок кылынганын кабарлады. Расмий маалыматка ылайык, 19 жаштагы жигит Ысык-Көлдөн тергөө амалдары жүргүзүлүп, Бишкекке алынып келатканда Кемин районунда качканга аракет кылган. Ички иштер министрлиги бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын, териштирүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилерин убада кылды. Президенттин көзөмөлүндөгү бул иштин айланасындагы соңку окуя коомчулукта күмөн саноолорго жем таштады. #акордо #бишкек #кылмыш _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus