Айылда кармалган мал ууру элге Porter берди/ Эми жазадан кутулабы? Ноокен району
Ноокен районунда мал уурдап кармалган киши Porter унаасын элге өткөрүп берди. Бул туурасында Ношкен айылынын башчысы Калы Боронбаев билдирди. Буга чейин аталган айылга барганыбызда "4-5 жылдан бери мал уурулук токтобой жатат" деп арыз-муңун айтышкан. Бул аралыкта 22 бодо мал, 50дөн ашуун кой уурдалган. "Милицияга арыз жазсак катталбайт, кээ бирлерин жаздырбай коёт, түңүлүп деле калдык" дешкен Көптөн бери бир кошунасынан шектенип жүрүшчү экен, акыркы ал бир буканы уурдап бараткан жеринен кармалыптыр. Милиция аны суракка алып, кайра коё берген. Биздин материал жарыялангандан кийин уурулук кылган кишинин баласы менен агасы Porter унаасын берип кетиптир. Ал эми РИИБдин башчысы айылга барып ар бир фактыны тыкыр текшерип жатыптыр. Бишкектен дагы текшерүү барары күтүлүүдө.
Смотрите также
