G
enby!

Кыргыз тил гимни (оригинал)

Сөзү: Сейит Алтымышов, обону: Бакыт Алишеров, кабыл алынган дата: 10-февраль, 2006-жыл Тил жаралып Көкө-Теңир таңынан, Адамзаттын дөөлөтүнө буйруган. Адам деген түп сөзүнөн элимдин, Кыргыз тили ай-ааламга жаңырган. Кайырма Кыргыз тили - жүрөгүм, Манас ата туу туткан. Кыргыз тили - Мекеним, Менин өлкөм Кыргызстан! Мекен тили Ата журттун кареги, Биримдиги, күч-кубаты тиреги. Мекен тили куттуу кыргыз элимдин, Көкүрөктө согуп турган жүрөгү. Кайырма Мекен тилин ыйык тутуп сактайлы, Мекен тили бак-таалайдын кутманы. Мекен тили кан жаныбыз, туубуз, Ата журттун келечеги, ак таңы. Кайырма Булак: https://tyup.net/page/kyrgyz-til-gimni

Смотрите также