G
enby!

24.09.2025 Күндеми | Кечки чыгарылыш || Регион ТВ

Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунда сөз сүйлөп, Кыргызстанга салынган санкцияларды өлкөнүн ички ишине кийлигишүү деп баалады. Ал Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин ар дайым так аткарып келатканын баса белгиледи; БИШКЕКТЕ КОРРУПЦИЯГА ШЕКТЕЛИП 20дан АШЫК КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ. Мындан ары коррупциялык схемаларды түзүп, жемкорлукту улантып жаткан ар бир кызматкердин үйлөрү тинтүүгө алынат; Быйыл кышында электр кубаты маал-маалы менен өчүрүлүшү ыктымал. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Эмилбек Ысманов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди; Манас шаарында Союз мезгилинде курулуп, эскилиги жеткен 100дон ашык турак-жайлар бузулуп жатат. Анын ордуна 15 кабаттуу ипотекалдык турак-жайларды салуу пландалууда; Камчыбек Ташиев бир күндө көп балалуу эки үй-бүлөгө турак-жай белек кылды. Алардын оор шартын эске алуу менен, жашоо үчүн заманбап баардык шарттарын түзүп берди. ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт: https://regiontv.kg
REGION TV @ Instagram   / regiontvkg   REGION TV @ Facebook   / regiontvkg   REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan
REGION TV @ Телеграм https://t.me/trkregion

Смотрите также