НООКЕНДИН БИРДИК АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ МЕКТЕП КУРУЛДУ
Эгемендүүлүк майрамына карата ачылган социалдык объекттердин бири – Ноокен районунун Бирдик айылындагы 275 орундуу жаңы мектеп. Долбоордун жалпы наркы 74 млн сомду түзүп, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Эки кабаттуу билим жайында 16 окуу классы, ашкана, жыйындар залы, лаборатория, компьютердик бөлмө жана китепкана бар. Мектеп көмүр менен жылытуучу системасы менен жабдылган. Жаңы имарат элет балдарына заманбап шартта билим алууга жол ачып, айыл тургундарынын көптөн күткөн тилегин ишке ашырды. БИЗ СОЦ ТАРМАКТА: ✅ БИЗДИН САЙТ : https://eltr.kg/
БИЗДИН ФЕЙСБУК: / elkanaly БИЗДИН ИНСТАГРАМ: / eltr_kyrgyzstan БИЗДИН ТЕЛЕГРАМ: https://t.me/eltrkyrgyzstan
КАНАЛГА КАТТАЛЫП ТАКТАЛГАН, АКЫРКЫ КАБАРЛАРГА КҮБӨ БОЛУҢУЗДАР.