Жапаровдун Москва сапары: мигранттарга жарыгы тиеби? | ЭКСПЕРТТЕР ТАЛДАЙТ
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2-июлда иш сапары менен Москвага барып, орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ал эми 3-июлда Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Азербайжанга барды. Бул сапарлар орус-азер мамилеси чыңалып турган жана Кремль Борбор Азиядан барган мигранттарга шарттарды катаалдаткан учурга туш келди. “Эксперттер талдайт” берүүсүнүн бул чыгарылышында кыргыз-орус мамилесин, Кыргызстандын тышкы саясатын талкуулайбыз. Ага дипломат, Кыргызстандын Пакистандагы мурдагы элчиси Уланбек Тотуяев, саясат талдоочулар Эмил Жороев, Нурсултан Акылбек жана мигранттар менен иш алып барган "Лейлек-Инсан" коомдук фондунун төрайымы Гүлнара Дербишева катышат. _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus