Кыргыз алиппесин жазган Сулайман Рысбаев
Рысбаев Сулайман - балдар жазуучусу жана педагог. Ош шаарында 1956-жылы 17-февралда мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Бакчанын балдары үчүн «Наристе-алиппе», мектептин 1-класстары үчүн «Алиппе», «Адеп алиппеси», 1-4-класстардын «Кыргыз тили», «Дилазык» класстан тышкаркы окуу китептери жана 30га жакын методикалык эмгектери учурда кеңири колдонулууда. Анын окуу китептери менен Өзбекстандын кыргыз мектептеринин окуучулары да эне тилинен билим алышууда.