15.10.2025 Күндеми | Кечки чыгарылыш || Регион ТВ
2030-жылга карата саламаттыкты сактоону каржылоо 130 млрд сомго чейин көбөйөт. Минкаб төрагасы Бишкекте Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы балдар корпусун ачты; Айсулуу Мукашеваны өлтүргөн шектүү буга чейин да 4 кыздын өмүрүн алганы белгилүү болду. Зордук-зомбулукка байланыштуу жалпы 7 кылмыш боюнча шектелүүдө; БАШ КАЛААДАГЫ ЖОЛ ТЫГЫНЫ КАЧАН ЖОЮЛАТ? Бишкектин транспорттук келечеги боюнча Башкы планды иштеп чыгуучулар бир катар сунуштарды иштеп чыкты; Манас шаарында айдоочулук күбөлүктүн артындагы коррупциялык факты аныкталды. Анда курсанттарды экзаменден өткөрүү үчүн системалуу түрдө каражат топтогон кызматкерлер кармалды; Коомдук тамактануучу жайларда тейлөө үчүн өзүнчө акы алууга тыюу салынды. Тыюу салуу 2026-жылдын 1-январынан тарта колдонула баштайт. ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт: https://regiontv.kg
REGION TV @ Instagram / regiontvkg REGION TV @ Facebook / regiontvkg REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan
REGION TV @ Телеграм https://t.me/trkregion